Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Токмокто добуштар кайра саналат


Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайра санап чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын Токмок шаарындагы атайын өкүлү Шамшыбек Кошоев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим аймактык шайлоокомдун мүчөлөрүнүн катышуусунда кабыл алынды. Бирок кайра саноо жараяны БШКнын бир мүчөсүнүн катышуусунда өткөрүлүшү керек деп белгиленди. Натыйжада добуш саноо качан өтөөрү азырынча белгисиз. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Токмокто митингге чыккандар болсо добуштарды бүгүн саналышын талап кылышууда.

БШКнын төрага Гүлнара Журабаева учурда Токмокко бара жатканын “Азаттыкка” билдирип, добуштарды карап чыгууга аймактык шайлоо комиссиясынын өзүнүн укугу бар экенин кошумчалады.

Боршайкомдун башка мүчөлөрүнүн айтымында, Кыргызстандын тарыхында бир аймактык шайлоо комиссиясынын добуштары толугу менен кайра саналган учур катала элек. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG