Казакстан мурда белгисиз вирустун коркунучунан улам Германия, Бельгия, Нидерландия жана Франциядан бодо малды импорттоого убактынча тыйуу салды. Оболу "Schmallenberg" деп аталган вирус былтыр ноябрда Германиянын Шмалленберг шаарында катталган. Ал кара мал менен кой-эчкилерде түйүлдүктүн өнүгүшүн акырындатып, музоо жана козу-улактардын өлүк туулуусун көбөйтөт. Казакстандын айыл чарба министрлиги Батыш Европадан бодо малды сатып алууга 1-февралдан тарта тыйуу салынганын жана вирус адамдарга таасир эткени тууралуу маалымат жок экенин эми гана билдирди.