Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

9-мартта тоолуу аймактарда кар жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 9-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын айрым жерлеринде гана кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу; Талас облусунда түнкүсүн -4…-9 градус, күндүз 2…7 градус; Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус; Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7 градус; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13 градус; Тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус суук, күндүз 6…8 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG