Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Токмокто шайлоонун жыйынтыгы боюнча сот жүрүп жатат


Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Венера Исалиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, добуштардын кайра саналышына каршы митингге чыккан тарап соттун өкүмүн күтөбүз деп бир аз мурда таркап кетишти. Токмок шаардык сотто “Республика” партиясынын жекшемби күнү өткөн шайлоонун жыйынтыгын таануу өтүнүчү каралып жатат.

4-марттагы жергиликтүү кеңешке шайлоодо жетиштүү добуш топтой албай калган бир нече партия, уюмдар эки күн мурда Токмокто митинг өткөрүшкөн. Алар шайлоо бурмалоолор менен коштолгонун айтып, жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылышкан. Алардын пикирине Токмоктогу аймактык шайлоо комиссиясы макул болуп, 9-мартта добуштар кайра саналат деп жарыялаган. Бирок алдын ала жыйынтыктар менен алдыга чыккан “Республика” партиясы комиссиянын бул кадамына нааразы болуп, сотко кайрылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG