Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Токмоктогу шайлоо боюнча сот дүйшөмбүгө жылды


Токмоктогу жергиликтүү кеңешке шайлоо боюнча соттук жараян 12-мартка жылдырылды. Шаардагы аймактык комиссиясынын катчысы Асылбек Ниязалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, шаардык сот жетиштүү документтердин жоктугунан ишти кароону кийинкиге калтырды. Токмокто 4-мартта жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөн. Анда жетиштүү добуш топтой албай калган партия, уюмдар апта ичи митинг өткөрүшүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Аймактык шайлоо комиссиясы митингчилердин айрым талаптарын канааттандырып, добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алган.

Бирок шайлоодо алдыга чыккан “Республика” партиясы бул чечимге макул болбой, шайлоонун жыйынтыгын таануу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бүгүн аталган партия Токмок шаардык мэриянын алдында митинг өткөрдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG