Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орус оппозициясы ишембиде кайрадан митингге чыгат


Орус оппозициясынын жактоочулары 5-мартта жыйналган кезде.
Орус оппозициясынын жактоочулары 5-мартта жыйналган кезде.
Оппозициянын ишембидеги нааразылык акциясы “Бул шайлоо эмес, бул президент эмес” деген негизги ураан астында өткөнү жатат. Москванын Жаңы Арбат аянтына мерчемделген митинг шаар бийликтери менен макулдашылды жана уюштуруучулар 50 миңге чейин адам жыйналат деп үмүттөнүшүүдө.

Шаардык мэрияга берилген арызда мына ушундай цифра көргөзүлгөн.

“Таза шайлоо үчүн кыймылынын” координатору Сергей Удальцов “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна буларды айтты:

- Митинг Москванын мэриясы менен макулдашылды. Андыктан кандайдыр бир чатак болбойт деп үмүттөнөм. Каалагандар келип катыша алышат. Эң башкысы биз өз турумубузду дагы бир жолу белгилейбиз. Ал жаңы мыйзамга ылайык, жаңы, адилет парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүлмөйүнчө митингдер улана берет дегендик.

Москванын милициясы митингди утурлай коомдук тартипти бузгандарга чара көрүлөрүн эскертти.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон орус оппозициянын буга чейинки, 5-марттагы митинги ондогон оппозиционерлердин кармалышы менен аяктаган.

Шайлоодо жеңип чыккан премьер-министр Владимир Путин коопсуздук күчтөрү коомдук тартип бузула баштаганда чара көрдү деп билдирген. Анда Москванын Пушкин аянтына жыйналгандар санын байкоочулар 20-30 миң деп эсептешкен.

Айрым талдоочулар ишембидеги митинг орус оппозициясы үчүн бурулуш учур болорун, нааразылык кыймылы мындан ары уланар-улана албасын көргөзөрүн айтышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG