Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Караколдо талаштуу үч бекеттин добуштары кайра саналды


Кайрадан саналган добуштар мурдагы жыйынтыкка дал келип, шайлоо мыйзам бузуусуз өттү деп таанылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бекбосун Садыков билдирди. Анын айтымында, добуш саноого БШК мүчөлөрү жана нааразы болгон саясий партиялардын жана бирикмелердин өкүлдөрү көз салды.

Маалыматка ылайык, бул үч бекетте 4-март күнү жаштар уюмдарынын катышуусунда карама-каршылык чыккан.

Шайлоодо жетиштүү добуш топтой албай калган партиялар жыйынтыкты жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып келишет. Алар бул талап аткарылбаса, 12-марттан баштап алгач Караколдо, андан соң өлкө боюнча нааразылык акция уюштурулат деп эскертишкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG