Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Абак кызматкери пара алды деп шектелүүдө


Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринин биринин кызматкери кол астында иштеген кишиден акча талап кылды деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Кызмат ордун сактап калуу үчүн 10 миң сом берүүгө аргасыз болгон кызматкер милицияга кайрылган. Пара талап кылган киши 8 миң сом алып жаткан жеринен кармалганы айтылууда. Окуя кайсы абакта болгону азырынча тактала элек, тергөө башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG