Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:16

Кыргыз-өзбек чек арасында эки миллион сомдук товар кармалды


Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районунда кыргыз-өзбек чек арасынан 2 миллион 300 миң сомдук товарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынан кабарлашты. Кармалган жүктүн арасында кийим-кече жана чөнтөк телефондор бар. Документтер толтурулуп, товар тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилди. Кылмышка шектүү деп кармалган киши Кыргызстандын жараны экени айтылууда. (RK)

 

XS
SM
MD
LG