Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Пан Ги Мун президент Асадды БУУ жана Араб лигасын укканга чакырды


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын президенти Башар Асадды "тез арада" БУУ менен Араб лигасынын тынчтыкты орнотуу сунушуна ылайык аракеттенүүгө чакырды. Ал үндөөнү Нью-Йорктогу жыйында жасады. БУУнун баш кеңсесиндеги жыйынга АКШ, Британия, Германия, Россия, Франциянын тышкы иштер министрлери катышты. Франциянын тышкы иштер министри Алан Жюппе жыйындан кийин Сириянын жетекчилиги "оппозицияны аеосуз кырганы үчүн эл аралык трибуналда соттолууга тийиш" деп, Орусия менен Кытайды БУУнун Сириядагы кандуу булоонду айыптаган резолюциясын колдоого чакырды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Сириядагы кырдаалга "аябай кыжаалат болуп жатканын" айтты.

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннан жекшемби күнү Дамаскиде болуп, Сирия оппозициясына каршы аскерий операцияны токтотуу боюнча президент Башар ал-Асад менен мунасага жетише алган эмес.

XS
SM
MD
LG