Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Уулуу көмүр боюнча соттук териштирүү уланат


Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда Казакстандын Кулан кенинен алынып келген уулуу көмүр боюнча соттук териштирүү болот. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, анда төрт кишиге “кызматынын кыянаттык менен пайдаланган”, “ишине шалаакылык кылган” деген айып тагылууда.

Былтыр сентябрда Казакстандын Кулан кенинен Бишкек ТЭЦине 8,5 миңдей тонна жана Чүй облусуна миңге жакын тонна көмүр келген. Анын радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталган. Бул факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш иш козгогон. (EBM)

XS
SM
MD
LG