Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Сот качып кеткен Акмат Бакиевди камоого буйурду


Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-мартта жеке ооруканадан качып кеткени айтылган Акмат Бакиевди камакка алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү Ички иштер министрлиги тергөө башкармалыгынан суранган.

Акмат Бакиев №35 жатак абагынында мөөнөтүн өтөөгө милдеттендирилгенине карабастан 6-февралдан тарта дарыланып жаткан«КафМедЦентрПлюс» клиникасынан качып кеткени боюнча айыпталып жатат. Маалыматка ылайык, Бакиев жатак абагындагы 2 жыл 6 айлык мөөнөтүн өтөп бүтпөй калган. Учурда аны издөө уланууда.

2010-жылдагы башаламандыктар боюнча айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев ушул жылдын башында жатак абагына которулган. Андан соң ден-соолугу начарлап кетти деген жүйөө менен ооруканага жаткырылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG