Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:42

Табалдиев: Транзиттик борбор боюнча АКШ позициясы белгисиз


Мындай пикирин бүгүн Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев АКШ коргоо министри Леон Панетта менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, “Манас” аба майданында 2014-жылдан кийин АКШнын аскерий базасы болбойт. Аны жарандык базага айландыруу ниети - Кыргызстандын олуттуу туруму. Бирок транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры боюнча АКШнын туруму алигүнчө белгисиз, Кыргызстан бул маселенин быйыл бир жаңсыл чечилишине кызыкдар деди Бусурманкулов.

Коргоо кеңешинин катчысы ошондой эле Кыргызстан аймактын 2014-жылдан кийинки коопсуздугуна кызыкдар жана бул өңүттө башка жолдор аркылуу кызматташууга даяр экенин белгиледи.

АКШ Коргоо министри Леон Панетта баштаган америкалык аскерий делегация менен кыргызстандык делегация учурда Коргоо министрлигинин имаратында жолугушуп жатат. Бусурманкул Табалдиев баштаган Кыргызстандык топтун катарында коргоо министри Таалайбек Өмүралиев бар.

Леон Панетта Бишкекке бүгүн кечке жуук келип, адегенде АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборунда болду. Маалыматтарга караганда, АКШнын коргоо министри эртең Ооганстанга учуп кетет. (KKs/BuS)

XS
SM
MD
LG