Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Транзиттик борбор боюнча АКШ-Кыргызстан сүйлөшүүсү апрелде башталат


Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин "Азаттыктын" кабарчысына билдиргенине караганда Транзиттик база маселесин сүйлөшүү үчүн АКШ апрель айында Бишкекке атайын делегация жиберет. Бул тууралуу бүгүнкү эки тараптуу сүйлөшүү учурунда АКШнын Коргоо министри Леон Панетта билдирди. Катчы бул жолугушууда АКШнын Транзиттик борборду чыгаруу же калтыруу багытында ачык көз карашы белгисиз бойдон калгандыгын кошумчалады.
Кыргызстан аркылуу Ооганстанга бараткан Коргоо министри Леон Панетта баштаган АКШ делегациясы менен бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев жана Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Бишкекте жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты жабык талкуулашты.
"Манас" аба майданындагы Ооганстанга транзиттик жүк ташуучу АКШ борборунун Кыргызстанда калуу мөөнөтү 2014-жылы бүтөт. Президент Алмазбек Атамбаев бул аскерий турумдун мөөнөтү узартылбай тургандыгын буга чейин акыркы жолу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолугушууда билдирген. (KKs/BuS)

XS
SM
MD
LG