Медия дөө-шаасы Руперт Мөрдоктун Ньюс Интернэшнэл корпорациясынын мурдагы төрайымы телефон тыңшоолор боюнча дагы беш киши менен катар камакка алынганы кабарланууда.
Жарым-жартылай Мөрдокко тийешелүү болгон Скай Ньюс сыналгы каналы билдиргендей, алтоо бүгүн эртең менен сот акыйкаттыгын ишке ашырууга тоскоолдык көрсөтүү үчүн уюшуп аракеттенген деген шек менен кармалды.
Болжолу бийликтер Мөрдоктун жабылып калган “Дүйнө жаңылыктары” таблоид гезити тарабынан ишке ашырылган тыңшоолордун масштабын жарышуу аракети болгондугун иликтеп жатат.
Ньюс Интернэшнэл камалгандардын арасында ишкананын коопсуздук жетекчиси Марк Ханна да бар экендигин бышыктады.