Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Кытайда жашыруун кармоолорго жол ачкан мыйзам жактырылды


Кытай парламентинин жылдык жыйыны 3-марттан бери өтүүдө.
Кытай парламентинин жылдык жыйыны 3-марттан бери өтүүдө.
Мыйзамды учурда жылдык курултайына чогулган кытай парламенти – Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынына келген делегаттардын 92% жактырды.

Бул мыйзам полициянын жашыруун кармоолорду жүргүзүүсүнө укуктук негиз түзөт. Ага ылайык, “мамлекет коопсуздугуна” шек келтиргени же террорчулук үчүн шектелгендердин камакка алынганы тууралуу алардын туугандарына кабар берүү кылмышты тергөөгө тоскоолдук кылса, кабар алты айга чейин берилбей койо алат.

Башка учурларда полиция кармалгандардын туугандарына кабарды 24 саат ичи берүүсү керек. Эл аралык укук коргоо уюмдары жана юристтер мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгышкан эле.

Маселен Эл аралык Мунапыс уюму “полиция укугунун мынчалык кеңейтилиши жашыруун кармоолорду жана жоголууларды мыйзамдаштырарын” белгилеген.
(UE)

XS
SM
MD
LG