Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Азербайжан: АКШ жана Израилге каршы кутум уюштурган деген шек менен 22 адам кармалды


Азери расмий өкүлдөрүнүн айтымында, алар АКШ менен Израилдин элчиликтерин бутага алуучу терракт жасоону мерчемдеген деген шек менен кармалышты. Улуттук коопсуздук министрлиги жарыялагандай, кармалгандардын баары азери жарандары жана алар чабуулду коңшу Ирандын атынан ишке ашырышмак. Камакка алуулар качан жана кайсыл жерде жүргүзүлгөнү белгисиз. Бул маалыматка карата Иран да азырынча реакциясын билдире элек.

Расмий маалымат боюнча, кармалгандар Ирандын Революциянын сакчылар корпусу уюмунун мүчөлөр менен кызматташкан деп шектелүүдө жана алар Ирандын кылтагына 1999-жылдан башынан тарта илинишкен. Кармалгандардан “ок атуучу куралдар, жардыруучу заттар, тыңчылык жабдуулар” алынган.

Бүгүнкү окуянын жуп алдында эле, апта башында Азербайжан менен Иран жакшы коңшулук мамиледе турууну убада кылышкан болчу. Азери коргоо министри Сафар Абиев 11-12-мартта Тегеранга барган учурунда Азербайжан өз аймагын Батыш өлкөлөрүнүн Иранга кол салуу үчүн пайдалануусуна жол бербей тургандыгын билдирген.

Бирок соңку айларда эки өлкөнүн мамилесинде чыңалуу байкалууда. Тегеран дос катары санаган Азербайжан Ирандын душманы Израиль менен кызматташканына нааразы болгондой,

Өткөн айда Иран Азербайжанды Израилдин тыңчылары аймагын пайдалануусуна уруксат берип жатканы үчүн айыптаган. Буга тушташ Азербайжан Израилден 1,6 миллиард долларга курал-жарак сатып алуусун караган келишим түзгөнү белгилүү болгон.(UE)

XS
SM
MD
LG