Бүгүн Москвада сот президент Владимир Путиндин саясатына каршы түрдүүчө нааразылык акцияларын уюштурган оппозициячыл саясатчылар Эдуард Лимонов, Алексей Навальный жана Сергей Удальцовдун ишин карайт. Сот «Солчул фронттун» лидери Сергей Удальцовду мындан бир нече күн мурда Пушкин аянтына өз тарапкерлери менен жүрүш жасоого аракеттенип, полицияга баш бербей койгон деп айтыптап жатат. Удальцов 15 сутка административдик камакка алынышы мүмкүн. Алексей Навальный менен Эдуард Лимоновго да митинг уюштурууда эрежени бузду деген айып коюлуп, эки миң рублга чейин айыппул төлөшү мүмкүн деп жазды “Интерфакс” агенттиги.