Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшчү орган түзүлдү


Бүгүн өкмөт Каржы полициясын жоюп, анын ордуна Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү мамлекеттик кызмат түздү. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун айтымында, мындан ары экономикалык кылмыштар боюнча ушул гана мекеме иштейт. Ага кызматкерлер теле аркылуу түз көрсөтүлгөн тестирлөөнүн негизинде кабыл алынат. Сынакка жоюлган Каржы полициясында иштегендер да катыша алышат. Бирок алардын талапкерлиги каралганда ишкерлердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн пикири эске алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG