Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Германия: Нацисттер тартып алган сүрөттөр ээсине кайтарылат


Германия соту Берлин музейине нацисттер доорунда жөөтөрдөн тартып алынган баалуу сүрөттөрдү кайтарууну буйруду. Карлсрухенин федералдык соту америкалык жаран Петер Закс коллекциянын мыйзамдуу ээси деген бүтүм чыгарды. Сүрөттөрдүн болжолдуу баасы 21 миллион долларга барабар. Судьялар аларды кайтарбоо нацисттердин адилетсиздигин колдоо болуп саналаарын жүйөө катары келтиришет. Коллекцияны 1938-жылы Закстын атасы – концлагерде отуруп, кийин АКШда баш пааналаган Ханс Закстан тартып алышкан. Ал 1974-жылы көз жумган. Сүрөттөр Берлин дубалы кулагандан кийин Германиянын тарых музейине коюлган.

XS
SM
MD
LG