Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Аксы окуясы Москвада да эскерилди

2002-жылы 17-мартта Жалал-Абаддын Аксы районунда болгон кандуу окуяларды Москвадагы кыргыздар да эскеришти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Иш-чара бир мүнөттүк үндөбөй эскерүү менен башталып, андан соң Аксы окуясында мерт болгон алты адамдын арбагына куран окутулду.

Эскерүү иш-чарасына Москвадагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү, “Алтын-казык-Аксы”, "Кыргыз биримдиги” коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышты. (KKs)
XS
SM
MD
LG