Бүгүн Бишкектин райондор аралык соту “Жерүй алтын” ишканасынын өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу боюнча доо арызын кароону улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова билдирди. 12-марттагы соттук жараян жаңы документтер ишке кошулганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.
2010-жылдын ноябр айында кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган. Бул чечим компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы менен түшүндүрүлгөн. Бирок буга “Жерүй алтындын” жетекчилиги макул болбой сотко кайрылган. Кыргызстандын Талас облусундагы Жерүй алтын кенинде кеминде 80 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (KKs)