Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Пакистан: кагылышууда 8 адамдын өмүрүн кыйылды


Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагында Ооганстан менен чек арада жоочулар менен аскерлердин ортосундагы кагылышууда кеминде 8 киши набыт болду. Күбөлөрдүн айтымында, ал жерде пулемет менен атышуу жүрүп жатат. Аскер кызматкерлеринин айтымында, кечээ түнкүсүн жоочулар Мираншах шаарындагы аскер постуна кол салып, ок атышууда 4 жоочу жана 1 аскер мерт кеткен. Бүгүн таң эрте аскерлер жоочулар жашынып жатат деген үйлөргө ок атып, үч карапайым тургун каза болуп, дагы бир нечеси жарадар болду.

Пакистандын Ооганстан менен чектешкен бир топ аймактары талиптердин жана “ал-Кайида” жоочуларынын таяныч пункту болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG