Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Кар көчкүдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов аймактарда кар көчкүдөн жабыркаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү жагын караштырууну Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, соңку күндөрү Токтогул жана Алай райондорунда түшкөн кар көчкүдөн улам жалпы төрт адам каза болуп, ондогон тургун жараат алышты. Ушул тапта Таластагы Талды-Булак, Чүй облусундагы Сосновка жана Жалал-Абаддагы Арал айылдарында атайын тамак ичип, жылынуучу жана медициналык жардам көрсөтүүчү жайлар иштеп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG