Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу сакталууда


22-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана жолдордун тайгак болуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында 24-мартка чейин артиллериялык курал менен тоолуу жол боюндагы карды атып көчүрүү иштери уланат. Бул жол саат 09:00дөн 24:00гө чейин жабык болот.

Чүйдүн Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында көлөмү 18000м³ болгон кар көчкү түшүп, “Мерседес-спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасын жарым жартылай басып калган. Жабыркагандар жок.

Жалал-Абаддын Токтогул районунда кыштоодон мал айдап келе жаткан 28 жаштагы Бахрамов Айбек көчкүнүн астында калды. Торкент – Толук унаа жолунда кар калың жаап (90 см) жол кыймылына кыйынчылык жараткандыктан, жол каттамы убактылуу жабылды. Чаткал районунда Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдору да жабык турат, кар көчкүдөн тазалоо иштери уланууда. Тогуз-Торо районунда Казарман – Ак-Талчат унаа жолунун 72-74-чакырымдарында көлөмү болжол менен 800м³ кар көчкү түшүп, жолду жаап калган.

Оштун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 95-чакырымында карды атып көчүрүү иши бүгүн да уланат. Бул жол да убактылуу жабылды. Мындан сырткары Дароот-Коргон – Жаш-Тилек, Үч-Коргон – Теңизбай – Дароот-Коргон, Дароот-Коргон – Ачы-Суу, Дароот-Коргон – Карамык жана Дароот-Коргон – Шибее унаа жолдору кар бороондун кесепетинен жабык. Алайдын Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 218-238-чакырымдары (Тоң-Мурун ашуусу) катуу бороондун кесепетинен убактылуу жабык. (RK)

XS
SM
MD
LG