Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Европарламент: орус оппозициясында бирдиктүү программа жок


Европарламенттин Орусия боюнча баяндамачысы Ханнес Свобода бүгүн «Интерфакс» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, Европарламент 4-мартта Орусияда өткөн президенттик шайлоого терс баа бергенин айтты. "Өлкөдө жарандык коомдун иш-аракети канчалык жанданган менен шайлоо эркин жана таза өткөн жок", - деди Свобода. Бирок ал орус оппозициясында бирдиктүү программасы жок экенин, көчө акциялары менен эч кандай натыйжалуу реформа болбой турганын кошумчалады. Маалымат жыйынынын жүрүшүндө Ханнес Свобода Евросоюз менен Москванын ортосунда виза мөөнөтүн жеңилдетүү маселесин козгоп, бул биринчи кезекте Орусия жарандарына пайда экенин айтты.

XS
SM
MD
LG