Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Өзгөндө «Хизб-ут-Тахрирдин» мүчөсү делген он киши кармалды


Ош облусунун Өзгөн районунда экстремисттик идеологияны жайылтып, диний кастыкты козутту делип «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун он мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, кармалган адамдардын үйүн тинтүү учурунда экстремисттик мазмундагы 70тен ашык баракча, 105 китеп, 200дөн ашык компакт-диск жана аудио-видео кассеталар табылган. Мындан тышкары 200 граммдык маңзат-мариахуана жана колго жасалган үч даана жардыргыч колго түшүрүлдү. Бул боюнча Кылмыш кодексинин диний кастыкты козутуу,курал-жаракты мыйзамсыз жасоо беренелери боюнча кылмыш иши козголду. (KKs)

XS
SM
MD
LG