Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Түркияда күрд демонстранттары коопсуздук күчтөрү менен кагылышты


Күрддөрдүн Ноорузду утурлаган демонстрациясы борбор Анкарада да болду. 18-март, 2012-жыл.
Күрддөрдүн Ноорузду утурлаган демонстрациясы борбор Анкарада да болду. 18-март, 2012-жыл.
Кагылышуулар кечээ өлкөнүн түштүк-чыгышында кеминде эки шаарчада болду. Батман жана Чизре шаарчаларында полиция күрд демонстранттарынын Ноорузду эртелеп майрамдашын алдын алууга аракет жасады.

Батман шаарчасындагы кагылыштан он беш адам жаракат алып, таш ыргыткан күрддөрдү таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

Ал эми Чизре шаарчасында алты адам, анын ичинде полициянын ок жеген эки өкүлү жарадар болгон.

Мындан эки күн мурда Диарбакыр жана Стамбул шаарларында Ноорузду эртелеп майрамдоого аракеттенген күрддөр коопсуздук күчтөрү менен кагылышканда тогуз киши жаракат алган.

Түрк бийликтеринин айымында, Нооруз адаттагыдай эле 21-мартта майрамдалуусу керек.

Бирок күрд топтору бир канча шаарды бул эрежени бузушту.

Түркияда күрд азчылыгы Ноорузду тыюу салынган Күрд Жумушчу партиясына колдоо көрсөткөн демонстрацияларды өткөрүү үчүн пайдаланат. (UE)

XS
SM
MD
LG