Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Чехияда өкмөт сакталып калды


Шейшембинин кечинде парламенттеги добуш берүүдө Чехиянын борборчул-оңчул өкмөтүнө ишеним көрсөтүлдү. Бирок өкмөт алдыда өзүнүн үндөмдөө чараларына али парламенттин макулдугун алуусу керек.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине оппозициядагы, борборчул-солчул Социал-демократиялык партия алып чыкты. Ал өкмөттү антисоциалдык саясаты үчүн айыптаган. Өкмөттүн үнөмдөө чараларына парламенттеги добуш берүүдө 113 депутат каршы чыкты, 85 депутат колдоду.

Үч партиянын коалициясын кулатуу үчүн ушуну менен акыркы эки жылда үч аракет жасалды. Өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршы жаңы нааразылык акциясы келерки айга мерчемделүүдө.

Оппозициядагы Социал-демократтардын лидерлеринин бири Михал Гашектин айтымында, өкмөт бир нече жылда курулган социалдык биримдикти бузуу менен “одоно кыскартууларга” барууда. (UE)

XS
SM
MD
LG