Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Кинорежиссер Абдыжапаров: Кыз ала качуу - бул кылмыш


Кыз ала качуу - кылмыш. Бул кыргыздын салты деген түшүнүк - чоң жаңылыштык. Мындай оюн белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров "Айкын багыт" коомдук фондуна билдирди.

Режиссер "Боз салкын" тасмасы аркылуу ала качууну жайылтуу максатын көздөбөгөнүн, Сагын менен Асеманын мисалында үй-бүлөнү курууда алгач сексуалдык жакындык эмес, жан дүйнөсүнүн бирдейлиги, ошондон жаралган сүйүү негизги ролду ойноорун көрсөткүсү келгенин айткан. Абдыжапаровдун пикиринде, көпчүлүк жаштарга бул тасма чыныгы сүйүүнү, үй-бүлө куруудагы баалуулуктарды айырмалай билүүнү үйрөттү. Анын айтымында, "Боз салкынды" тарткан киночулар тобунун ичинен бири-бирин тапкан түйгөйлөр чыкты, бул тасмадан кийин шаардык кыздардын айылдык жигиттерге болгон мамилеси жумшарды.

Кыргыздын атактуу мырзаларынын арасында кыз ала качуу тууралуу пикирин билиш үчүн сурамжылоону "Айкын багыт" фонду жүргүзүп жатат. Фонд ала качуунун курмандыгы болуп өз өмүрүн өзү кыйган, зомбулукка кабылган кыргызстандык кыз-келиндер боюнча маалымат чогултат. Бул маалымат фонддун жетекчиси Мунара Бекназаровадан алынды.

Буга чейинки сурамжылоого белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген, саясат талдоочу Табылды Акеров, режиссер жана драматург Жаныш Кулмамбетов катышкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG