Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 20-мартта саат 12:24тө очогунда 3,5-4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында болду. Нарын шаарынан 155 чакырым түштүк-батышты карай, Бишкек шаарынан 330 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кыргызстан аймагында сезилген жок. (RK)