Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Баткенде кесиптик билим берүү боюнча жаңы долбоор башталды


Баткен облусунда экономиканын ар түрдүүлүгү аркылуу социалдык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жаратуу максатында кесиптик билим берүү системасын колдоону көздөгөн долбоор иштей баштады. Аны ИККО фондунун өкүлчүлүгү жана АВЕП коомдук фонду жарыялады.

Долбоордун менеджери Толкун Моңолдор кызынын айтымында, учурда долбоорду ишке ашырууда тандоо жараяны жүрүп жатат.

Малыматка ылайык, баалоо комитети көрсөткөн 3 окуу жайы атайын даярдоо курстарынан өткөндөн кийин июнь-июль айларында инвестициялык долбоорлорун жазышат. Анын алкагында 75 окуучу кабыл алынат.

Бул долбоор кесиптик лицейлерде турмушта зарыл болуп жаткан кесиптер боюнча билим берүүнүн сапатын арттыруу максатында ишке ашат. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG