Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Нигерияда исламчылары өкмөт менен сүйлөшүүдөн баш тартышты


Нигериянын экстремисттик Боко Харам уюму бийликтер менен мындан ары сүйлөшүү болбой тургандыгын билдирди.

Жүздөгөн кишилердин өлүмү үчүн айыпталган бул топтун жарыясы Нигериянын Шарият боюнча Жогорку Кеешинин жетекчиси Ибрагим Датти Ахмат арачылыктан баш тарткандан кийин жасалды.

Ахмат сүйлөшүүнүн аки-чүкүсүн маалымат каражаттарына жарыялап жибергендиги үчүн өкмөткө нааразылык билдирди.

Исламдык мамлекет курууну көздөгөн Боко Харам былтыр Бириккен Улуттар уюмунун Нигериянын баш калаасы Абужадагы кеңсесин жардырып жибергени үчүн да айыпталып келет.

XS
SM
MD
LG