Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Кесиптик кошуундар Эмгек кодексинин жаңы редакциясына каршы


Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясы өкмөт тарабынан иштелип чыккан Эмгек кодексинин жаңы редакциясына нааразы болууда. Токой тармагы боюнча кесиптик кошуундун жетекчиси Канат Осмоновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, профсоюзчулар кодекстин жаңы редакциясына ылайык иш берүүчүгө каалаган учурда жумушчуну ээлеген кызматынан алуу укугу берилип, сегиз сааттык иш тартиби бузулууда. Мындан улам кесиптик кошуундун жетекчилери бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөнү жатышат.

Эмгек кодексинин жаңы редакциясы Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тарабынан Жаштар, эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин катышуусунда даярдалып, учурда коомдук талкууда. Жаштар, эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жаңы редакция эмгек кодексин заманбап шарттарга ыңгайлаштырууну гана көздөйт. Экономика жана монополияга каршы министрликтин басма сөз кызматы бул боюнча бүгүн маалымат жыйыны өткөрүлөөрүн “Азаттыкка” кабарлады. (KKs)

XS
SM
MD
LG