Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Беларус президенти активисттердин кара тизмеси түзүлгөнүн ырастады


Александр Лукашенко 21-мартта Russia Today телеканалына курган маегинде Беларустан тышка чыгуусуна тыюу салынган активисттердин кара тизмеси өкмөт тарабынан түзүлгөнүн, бирок толугу менен ишке киргизиле электигин белгиледи.

Беларус президентинин айтымында, бул - Евробиримдиктин чектөөлөрүнө жооп.

Евробиримдик Лукашенконун өкмөтүнө жана саясий оппозиция куугунтуктоого тиешеси бар адамдардын “кара тизмесин” түзүп, алардын биримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирүүсүнө тыюу салган.

Биримдиктин тышкы иштер министрлери ушул жума күнкү жыйынында бул тизмеге дагы 12 адамды кошору күтүлүүдө.

Беларус президенти кечээги маегинде оппозиция активисттерин Евробиримдиктин санкциялары күчөтүлүшүн жактап, кайсы адамдарды жана компанияларды бутага алуу керектиги боюнча кеңеш берип жатат деп айыптады. (UE)

XS
SM
MD
LG