Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

ИИМ: Бир үй-бүлөнү кырган кылмышкер кармалды


Бишкек милициясы 2010-жылдын август айында Бишкекте жашаган бир үй-бүлөнү кырган деген шек менен бир кишини кармады. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кармалган киши кылмыш кантип жасалганын милицияга айтып берди. Ошондо аны менен чогуу болгон дагы бир киши былтыр кумарканада жүрөгү кармап каза болгонун айтты.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, мурдагы жылы Бишкектин тургуну, 47 жаштагы Керимкулов Жолдошбек, жубайы Касыкеева Жийдебүбү, 15 жаштагы уулу Адилет жана 20 жаштагы кызы Элиза өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер бул үйгө ууруга киришкен. Аңтарып тапкан олжосу 100 доллар жана алтын буюмдар болгон. Алтын сөйкө-шакектерди дароо сатып, акчасын алышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG