Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Пан Ги Мун БУУнун билдирүүсүн "бурулуш учур" деди


Пан Ги Мун
Пан Ги Мун
Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун Сириядагы конфликт боюнча кечээ уюмдун Коопсуздук кеңеши кабыл алган билдирүүнү “бурулуш учур болот” деп үмүттөнөөрүн айтты. Ал билдирүү Улуттар уюмунун жана Арап лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннандын тынчтык планын толук колдойт. Андан сырткары, непада Сириянын режими Аннандын ал сунуштарына ылайык иштебей турган болсо, анда санкцияларды киргизүүнү караган.

БУУнун соңку билдирүүсү сөзсүз аткарылышы керек деген юридикалык күчкө ээ эмес. Уюмдун маалыматына караганда, Сирияда бир жылдан бери өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын ортосунда уланып жаткан атышуулардан 8000 ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG