Дума төрагасынын биринчи орун басары Иван Мельниковдун билдиргенине караганда, орус парламентинин төмөнкү палатасы бүгүн Латвияда адам укуктары бузулушун жана фашизмдин акталышын айыптаган резоюция кабыл алат.
Билдирүүдө Европарламент, ПАСЕ, ЕККУ уюмдарынын латыш бийликтеринин фашизмди актоо жана Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын кайра кароо аракетине мамилесин ачыктабай жатканы сынга алынып, бул алардын жогорудагы көрүнүш менен макулдугу катары бааланган.
Латвияда 16-мартта, “Латыш легионунун күнү” белгиленип, борбор Ригада демонстрация өткөн.
Ал бөлүк Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германиянын айтылуу СС күчтөрүнүн катарында кызмат кылган.
Өткөн айда Латвияда орус тилине расмий тил макамын ыйгаруу маселеси референдумга коюлуп, бирок колдоо тапкан эмес. Өлкөдө орус тилдүүлөр калктын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Расмий Москва алардын укугу бузулуп жатат деп ырастап келет. (UE)