Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Алыскы айылдарга эки айлык пенсия менен жөлөкпул алдын-ала берилет


Кыш узак болуп эл кыйналып жаткандыктан өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов бир катар алыскы райондордун айрым айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына эки айлык пенсия менен жөлөкпулдарын алдын-ала берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле буга чейин да өкмөттүн тапшырмасы менен Социалдык фонд Кара-Кулжа, Чоң-Алай жана Чаткал райондорунун айрым айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына эки айлык пенсия менен жөлөкпулдарын алдын-ала таратып бүткөнү кабарланды.

Былтыр октябрда түшкөн кыш кээ бир алыскы айылдарда дагы эле күч болуп, эл кыйналып, тоют түгөнгөнүнөн мал көтөрүм болуп калганы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG