Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Бенедикт XVI Кубаны марксисттик идеологияны алмаштырганга үндөдү


Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы, Папа Бенедикт XVI Кубаны өлкөдөгү марксисттик идеологияны алмаштыруу үчүн жаңы модель ойлоп тапканга чакырды. Папа мындай кайрылууну Римден Мексика жана Кубага сапарга аттанар алдында жасады. Бенедикттин айтышынча, “марксисттик идеология туруш талабына жооп бербей калганын мезгил көрсөттү”. Жаңы моделди өнүктүрүү сабырдуулукту жана чечкиндүүлүктү талап кылат. Ватикан кубалыктарды диалогго шыктандырганга көмөктөшкөнгө даяр.

Папа ошондой эле 2006-жылдан бери маңзаттарына байланыштуу коогалаңдар 47 миңден көп адамдын өмүрүн жалмаганын, кандуу булоонго арам акча себеп болгонун айтты.

XS
SM
MD
LG