Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Ош-Бишкек унаа жолу ачыла элек


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 23-марттагы артиллериялык аткылоонун натыйжасында Бишкек - Ош жолунун 226-227-чакырымдарына ири көлөмдөгү кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес. Кар көчкү түшкөн аймактарды тазалоо иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Бишкекке келаткан жүк ташуучу жана жеңил унаалар болуп 400дөн ашуун унаа токтоп турат. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жылынууга 30 орундуу 2 чатыр, 10 орундуу 1 чатыр (медпункт) тигилип, ысык тамак уюштурулган.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жол 20-марттан бери өзгөчө буйрук болгонго чейин дале жабык турат. “Жол качан ачылары азырынча белгисиз”, - дейт Бекилов.

Соңку шашылыш билдирүүгө ылайык, 23-26-март күндөрү жааган жана күтүлгөн жаан-чачындан улам тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. (KЕ)

XS
SM
MD
LG