Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Алайда бир үйдү кар көчкү басып калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 23-мартта кечки бештер чамасында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кичи-Каракол айылынын тургуну Абдыжапар Төрөкуловдун үйүн кар көчкү басып калган. Кар көчкү адам өмүрүнө зыян келтирген эмес. Натыйжада үйдүн дубалдары, терезелери жабыр тарткан.

Көчкү болгон жерге аталган министрликтин Алай райондук бөлүмүнөн өкүлдөр барып, үйдүн жашоочуларын коопсуз аймакка көчүрдү. Мындан сырткары ал үйдүн катарындагы жети турак үйгө кар көчкүнүн коркунучу бар экендиги аныкталып, коопсуз жайга көчүрүлдү. Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча кар көчкү жүрүү коркунучу бар деген 12 аймак катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG