БУУ жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан Москва менен Бээжинге аттанууда. Кабарларга караганда, Аннан бүгүн орус президенти Дмитрий Медведев жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат.
Өткөн аптада Аннан эл аралык байкоочуларды жайгаштыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Дамаскка топ жиберээрин жарыялаган. 21-мартта БУУнун Коопсуздук кеңеши, анын ичинде Орусия менен Кытай чабармандын Сириядагы кан төгүүнү токтотуу боюнча иш-аракеттерин колдогон резолюцияны жактырган.
Ал тапта БУУ Сириядагы зомбулуктан качып, Ливан, Түркия, Иордания менен Иракка баш калкалаган качкындарга жардам берүү планын сунуш кылды. Качкындар комиссариаты донорлордон бул максатта 84 миллион доллар сурады.