Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Бэйлстин огунан набыт болгон оогандардын жакындарына жөлөк пул төлөндү


Ооганстандын расмий өкүлдөрү маалымдаганына караганда, Кандагарда америкалык аскердин огунан каза болгон оогандардын жакындарына акчалай компенсация төлөнүп берди. Кабулдагы атын атабаган расмий адамдар мерт кеткендердин туугандары 46 миң доллар, жараат алгандар 10 миң доллардан алышканын айтышты.

НАТО баштаган бейпилдик күчтөрүнүн маалымат катчысы компенсация тууралуу маалыматты бышыктоодон баш тартты. АКШ армиясынын сержанты Роберт Бэйлске жума күнү атайлап адам өлтүрүү беренесинин 17 пункту боюнча айып тагылды. 11-мартта Бэйлс Кандагарда жайкын оогандарды атып кеткен.

XS
SM
MD
LG