Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Өрт кырсыгы эки күндө эки адамдын өмүрүн алды

Өткөн түнү Чүйдүн Сокулук районундагы айыл-чарба кооперативдеринин биринин короосунда өрт чыгып, бир адамдын өмүрүн жалмады. Сырты темир, ичи жыгачтан жасалган кароолчунун жайы толугу бойдон күйүп кетти. Өрт чыккан жерде денеси 60 % күйүп калган кароолчу, 1957-жылы туулган Динова Вера Сергеевнанын сөөгү  табылды. Кырсыкка тиричилик электр шаймандарын пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болгону айтылууда.

25-марттан 26сына караган түнү да Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан №36 үйдө өрт чыккан. Ал жерде эркек кишинин күйүп калган сөөгү табылды. Анын ким экени такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов быйыл январ-февралда Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгында 13 адамдын өмүрү кыйылганын, алардын бешөө өспүрүмдөр экенин "Азаттыкка" кабарлады. (RK)
XS
SM
MD
LG