Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Өзбекстан 1-апрелде Тажикстанга газ берүүнү токтотот


Газ берүү үч айлык келишимдин мөөнөтү бүткөнгө байланыштуу токтотулат деп түшүндүрдү Өзбекстандын энергетика министри. Ташкен январда да 2012-жылга газ келишими түзүлбөгөнүн айтып, Тажикстанга газды бууп койгон соң, эки жак үч айлык келишим түзгөн. Тажикстан газды жалгыз Өзбекстандан алат.

Коңшулаш эки өлкөнүн мамилеси 1991-жылы алар Москвадан күнкорсуздук алгандан бери олку-солку. Ташкен быйыл январга чейин Тажикстанга темир жолду бууп, жүктөрүн өткөрбөй жаткан жана Рагун ГЭСинин курулушуна нааразы.

XS
SM
MD
LG