Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Барак Обама Казакстанга жана Украинага ыраазы


АКШ Барак Обама президенти эл аралык ядролук коопсуздук боюнча Сеулда өтүп жаткан жыйында сүйлөп, Казакстан, Украина жана башка өлкөлөрдүн мыкты байытылган уранды сактоо үчүн башка кооптуу жактарга жөнөткөнүнө ыраазылык айтты:

- Казакстан сыяктуу өлкөлөр ядролук материалдарды бир кыйла коопсуз жайларга жылдырышты. Өз территориясындагы мыкты байытылган бардык уранды башка жакка чыгарган өлкөлөрдүн тизмесине Мексика жана кечээ күнү гана Украина кошулду. Алардын баары миңдеген килограмм ядролук материал дүйнөнүн кооптуу аймактарынан чыгарылып кеткенин айтышты.

Барак Обама мындай ыраазылыгын Нурсултан Назарбаевге Сеулдагы жыйындан тыш убакта кездешкенде да билдирди. Ырасмий маалыматка караганда, Казак бийликтери СССРден калган 13 тонна мыкты байытылган уранды жана плутонийди АКШнын көмөгү менен коопсуз жайларга жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG