Катарлык "Ал-Жазира" сыналгы каналы Франциянын түштүк-батышында жети кишини атты деп шектелген киши жиберген видеону көрсөтпөөнү чечти. Франциянын президенти Николя Саркози мунун алдында сыналгы каналдарын Мохамед Мерах "мойнума байлап алган камера менен тарттым" деп ырастаган видеону көрсөтпөөгө чакырган эле. Бийликтердин айтымында, Мерах үч француз аскерин, үч окуучуну мугалими менен кошо атып өлтүргөн. Мерахты кийин полиция атып салды.