Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Клинтон: Асадды сөзүнөн эмес, ишинен баалайбыз


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сириянын президенти Башар ал-Асадга “айткан сөздөрү эмес, жасаган ишине жараша баа бериш керек” деди
Клинтон кечээ Бириккен улуттар уюмунун чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын сириялык президент кабыл алганы тууралуу кабарга ушундайча жооп кайтарды. Анын айтымында, АКШ Асаддын айткандарынын канчалык олуттуу экенин анын конкреттүү аракеттеринен гана баалайт.

"Эгерде Асад Сириянын тарыхынын бул каргашалуу бөлүмүнө чекит коем десе, муну ал тезинен ок чыгарууну токтотуп, өкмөттүк аскерлерди калк шайгашкан аймактардан чыгарып кетүү менен далилдей алат", - деди Клинтон.

Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун жана Арап лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннандын тынчтыкка жетүү планын Асад кабыл алганы туралуу кабар тараган. Ал планда тезинен атышууларды токтотуп, өкмөттүк аскерлерди шаарлардан чыгарып кетүү, жабыркаган аймактарга гуманитардык миссияны киргизүү, журналисттерге иштөөгө уруксат берүү жана өкмөт менен оппозициянын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган.

БУУнун эсебинде, Сирияда былтыр мартта Асаддын режимине каршы толкундоолор башталгандан бери атышууларда 9000 ашуун адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG