Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Иракта Араб лигасынын үч күндүк саммити өтүп жатат


Бул өлкөдө Саддам Хусейндин режими 1990-жылы Кувейтке кол салгандан бери мынчалык жогорку деңгээлдеги саммит өтө элек болчу. Кечээ саммиттин биринчи күнүндө лиганын каржы жана соода министрлери жолугушту. Бүгүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот. Эртең Багдадга лигага мүчө 22 мамлекеттин президенттери келиши күтүлүүдө. Бирок канча мамлекеттин башчысы чогулаары азырга чейин белгисиз. Уюштуруучу тарап кеминде сегиз жумурияттын лидери катышат го деп үмүттөнөөрүн айткан. Саммиттин алдынан өлкөдө коопсуздук камсыз кылына электигин көрсөтүш үчүн жикчил топтор 20-мартта 50дөн ашуун адамды өлтүрүштү.

XS
SM
MD
LG